• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Өспүрүм" рейди. Лейлек районунда эмгекке тартылган 7 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан "Өспүрүм’’ аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Арка-2 базарында курулуш тармагында оор эмгекте иштеген, түн ичинде өз алдынча жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо иштери жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек жети өспүрүм эмгекке тартылганы аныкталып, анын ичинен үч ата-энеге эскертүү актылары берилди. Ал эми 10 ата-энеге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдү оор жумуштарга иштетпөө керектиги эскертилди.

"Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна бөгөт коюу жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүп келүүдө. Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери сууга чөгүүнүн алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий