• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балыкчыда милиция темир жол бекетинде «Коопсуз поезд» аталышында профилактикалык иш-чара өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Балыкчыда милиция темир жол бекетинде «Коопсуз поезд» аталышында профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери кичинекей жүргүнчүлөргө жана аларды коштоп жүрүшкөн чоӊ адамдарга темир жол транспорту менен жүрүү учурунда эмнеге негизги көӊүлдү буруу керектигин кеӊири айтып беришти.

"Укук коргоочулар тарабынан айтылган маалыматтар жеке эле балдарды эмес, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн да кызыктырды. Ата-энелер, чоӊ ата жана чоӊ апалар, кичинекей бөбөктөр милиция кызматкерлерин жаш наристелердин коопсуздугуна өзгөчө маани менен кам көргөндүгү үчүн өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Балдарды коштоп жүрүшкөн адамдар милиция кызматкерлеринен темир жолдо жүрүү учурунда кандай коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча маалымат эскертмелерин, ошондой эле Балыкчы ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин байланыш телефондорунун номурларын алышты.

Профилактикалык иш-чаранын акырында тартип сакчылары бардык жүргүнчүлөргө Ысык-Көл облусунда коопсуз жана көӊүлдүү эс алууну каалашты.

Пикир

Оставить комментарий