• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Ысык-Көл облусунда курал-жарактар сакталган жашыруун жай табылды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда курал-жарактар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен, 2023-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды:
- 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
- 3 даана кол түтүн гранаталары;
- 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;
- 1 даана сигналдык патрон;
- 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
- 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
- 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий