• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштогу Салиева көчөсү 300гө жакын мыйзамсыз курулуштардан тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Ош шаарындагы Салиева көчөсү 300гө жакын мыйзамсыз курулуштардан тазаланды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиева көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарды тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынып, аймактагы тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, азык-түлүк дүкөндөрү да алынып жатат. Аны менен катар муниципалдык унаа токтоочу жайлар да курулууда.

Мэрия шаардыктарды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий