• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган көпүрөнүн курулушу аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган жөө өтүүчү көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган көпүрөнүн курулуш иштери КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан колго алынган.

Ак-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 60 метрди түзөт. Анын курулушу "Куткурулуш” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырылууда.

"Көпүрөнүн пайдаланууга берилүүсү мектеп окуучулары үчүн убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт. Анткени буга чейин Капчыгай айылынын окуучулары Б.Ходжаев атындагы орто мектепке келүү үчүн 3 чакырым жолду басып өтүүгө аргасыз болсо, эми жол эки эсе кыскарды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий