• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Бука райондук милициясы жашоо-шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айыл аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар айыл элинин район борборуна барып билдирүүсү керек болгон ар түрдүү мазмундагы арыз-даттанууларын жана сунуштарын жеринде угууда. Бул унаа жыл башынан бери 8 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, атуулдардын кайрылууларын кабыл алып, тиешелүүсүн жеринде чечип, калгандарын башка органдарга жиберип келишет.

Белгилей кетсек, аталган унаа бул райондо 2021-жылдын январь айынан тартып ишке берилген.

Ал эми Ак-Там айыл аймагынын Кызыл-Ата айылында милициянын өткөн жыл ичинде аткарган жумуштары эл сынына коюлуп, эч кандай нааразычылыктар айтылган эмес.

Ошону менен катар РИИБдин өздүк курамы тарабынан жашоо-шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүлдү. Ала-Бука РИИБдин башчысы Райымбек Сулайманов жардамга муктаж жарандарга кайдыгер карабай, район аймагындагы 2 үй-бүлөдөн кабар алып, аларга күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий