• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупцияга шектелип “Кыргызкөмүрдүн” жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыштардын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) боюнча «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери жана ошондой эле Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Турускул" салмактык-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалышты.

Такталгандай, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлери унаанын бир бирдигин тоскоолдуксуз жүктөө үчүн 1 миң сомдон ар бир айдоочудан алып турушкан.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-2020-жылытуу мезгилине карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүрдүн ташылышын эске алганда, 15 миң 376 жүк ташуучу унаага жүк жүктөлгөн. Ал эми 2020-2021-жылытуу мезгилинде тыныгуучу унаалардын саны 22 миң 199ду түзгөн. Натыйжада "Кыргызкөмүрдүн" кызматкерлери эки жылытуу мезгилинде негизсиз алган каражаттын көлөмү 37 миллион сомдон ашкан.

Каражаттарды алуунун ушундай схемасы "Турускул" салмак-габариттик контролдоо инспекторлору тарабынан уюштурулган, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу үчүн, атап айтканда ташылган көмүрдүн уруксат берилген массасынан ашыкча ар бир айдоочудан 500 сомдон өндүрүлгөн.

Ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын 2 кызматкери жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун 2 инспектору кармалып, Нарын шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий