• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте унаа уурдап, андан ары сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бишкекте унаа уурдоо жана андан кийин аларды сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын апрель айынын ортосунда белгисиз адамдар баасы 6 миң долларды түзгөн "Хонда Фит" үлгүсүндөгү авто унаасын мыйзамсыз түрдө ээлик кылып алгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери, авто унаа уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун изине түшүп, кылмышка шектүүлөрдү Аламүдүн районунун аймагынан кармоо жүргүзүшкөн.

Тактап айтканда, ыкчам кызматкерлер күмөндүү шартта унаа сатууну көздөп жаткандар тууралуу маалымат алышкан. Маалыматты текшерүү үчүн кызматкерлер кардар катары барышып, белгисиз адамдар аталган унааны алып келгенде база аркылуу текшерип, авто унаа башка аялга таандык экендигин аныкташкан.

Кылмышка шектүү катары борбор калаанын тургундары 1999-жылы туулган Б.уулу К., А.уулу М. жана Б. У. жана 2000-жылы туулган Ж. уулу Ж. аттуу жарандар кармалган.

Пикир

Оставить комментарий