• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүп, айрымдарын кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда УКМК тарабынан “Массалык баш аламандыкка чакыруу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

УКМКдан белгилешкендей, тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары, бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.

Маалымат үчүн: Алынган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: "Ансыз деле төңкөрүш керек". "Революция болсо токтойт бардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөйт. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Барарда революцияга башынарды кылычка сайып барыңыздар", "Барыңыздар Кастет, дубинка, сухой паек алып алыңыздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды көрсөңн эле башка чап дароо ойлонбой", "дубинка, коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом өрттөп салгылачы күлүн асманга сапырып. Болду артка жол жок, согушса согушабыз акмактар адыраңдаган сарт менен уйгур зектер".

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин негизинде УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери А.Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыгыз байланышта болуп, массалык башаламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан”, - деп кошумчалашты комитеттен.

УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий