• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкекте чет өлкөлүктөрдү сабаган дагы бир жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Бишкекте чет өлкөлүктөрдү сабаган дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМ тарабынан 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул факт боюнча Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандык" жана "Бейбаштык" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Анын негизинде чет өлкөлүк жарандарды сабаган шектүүлөрдүн бири кармалды. Андан тышкары, ал адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган.

2024-жылдын 18-майынан тартып социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандары сабалган видеотасма тарай баштаган. Видеодо 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган.

Алынган маалыматтар боюнча аталган факт 18-майда таңында болгон. Азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам Дордой базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча ИИМ ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзө баштаган. Аталган окуя болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоо камераларынын жазууларын көргөндө кол салган төрт адам кара түстөгү "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаа менен 18-майда таңкы саат төрттө келишкени аныкталган.

Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тургунуна катталган "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаа табылган. Аталган унаанын рулунда Ысык-Көл районунун тургуну 1999-жылы туулган А.Ж экендиги белгилүү болуп, кармалды. Ал учурда Бишкек шаарында жашап эмерек жасоочу цехтин кызматкери болгон.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ал эми унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Эскерте кетсек, күн мурун Бишкекте жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүү 3 жигит кармалган.

Пикир

Оставить комментарий