• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Манас» университети дүйнөлүк ЖОЖдордун престиждүү рейтингине кирди

Билим 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Кыргыз-Түрк «Манас» университети QS 2024 World University Rankings рейтингинде эң алдыңкы делген 900 университеттин катарына кирди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул анын академиялык бийиктиктерге болгон умтулуусун чагылдырган олуттуу жетишкендик.

«Быйыл рейтингге 154 өлкөдөн 2963 университет катышкан. Жыйынтыгында 1503 ЖОЖ тизмеге кирген.

КТМУнун бул рейтингдеги туруктуу көрсөткүчтөрү анын дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүгө, илим изилдөөгө жана жаңы инновациялар үчүн жандуу чөйрөнү түзүүгө умтулгандыгынын далили болуп саналат. Бул КТМУну Кыргызстанда жана Борбор Азияда гана эмес, дүйнөлүк аренада да таасирдүү билим берүү мекемеси катары калыптанганын көрсөтүүдө. Ошону менен бирге QS рейтинги КТМУнун Борбордук Азиядагы алдыңкы окуу жай экенин гана тастыктабастан, Кыргызстандын академиялык чөйрөсүнө татыктуу баа бергенин дагы айта алабыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Окуу жайдан кошумчалашкандай, Кыргыз-Түрк «Манас» университети интеллектуалдык өнүгүүгө жана билим берүү сапатын жакшыртууга умтулууда. Дүйнөдөгү эң мыкты 900 университеттин катарына кирген КТМУ өзүнүн интеллектуалдык күчүн жана билимге болгон аракетин жогорку деңгээлдеги ишке ашыруу планын улантууда. Университетибиздин негизги максаты жогорку сапаттагы билим, илимий изилдөөлөр жана инновациялар чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

Quacquarelli Symonds агенттиги университеттердин эң абройлуу глобалдык рейтингдеринин бири болуп эсептелген QS World University Rankings рейтингин түзөт.

Пикир

Оставить комментарий