• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 42 мектеп жана 4 спорт зал ачылат

Билим 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда 1-сентябрна карата 42 мектеп жана 4 спорт зал пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлү менен бүгүнкү күнгө карата Мамкурулуш тарабынан 46 мектепте жана мектептердин спорттук залдарында курулуш иштери аяктап, ачылыш алдында турат.

Ал белгилегендей, жаңы курулган мектептер сапаттуу, ыңгайлуу жана заманбап ашкана, спортзал, концерттик зал, мектеп эмеректери менен толук камтылган.

Пикир

Оставить комментарий