• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфондго жыл башынан тарта дээрлик 4,5 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-июнь айларында 4 миң 456 кайрылуу келип түшкөн.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 182;
  • ооз эки кайрылуулар – 557
  • электрондук кайрылуулар – 114;
  • Соцфонд жетекчилиги тарабынан кабыл алынды – 65 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 2376;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1162.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • Соцфонддун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий