• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы келерки окуу жылында этабы менен киргизиле баштайт

Билим 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мектептерге 12 жылдык билим берүү системасы кандайча киргизиле турганын айтып берди.

Анын айтымында, интеграция акырындык менен болот: "Балдарга ашыкча жүк болбошу үчүн бул системаны акырындык менен киргизебиз. Бул боюнча биз көп жылдардан бери иштеп келе жатабыз. Бул бир нече жылдан бери пландалып келген. Билим берүү системасын трансформациялоо мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңылоого, анын структурасын өркүндөтүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого багытталган".

Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов Кыргызстандагы билим берүү системасы өзгөрүүгө муктаж, анткени бул системанын көптөгөн аспектилери совет доорунан бери өзгөрүүсүз калып, заманбап талаптарга жана чакырыктарга жооп бербей турганын айтты. Буга окутуунун эскирген ыкмалары, маалыматтык технологияларды жетишсиз колдонуу, эмгек рыногунун талаптарына жетишсиз даярдануу жана башкалар кирет.

12 жылдык билим берүү системасынын модели билим берүүнүн сапаттуулугун камсыздайт, окуучуларды заманбап реалдуулукка даярдайт жана эмгек рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

"Биз экономика, маданият жагынан заман агымы менен бирге жүрүп отурабыз, бирок эмне үчүн билимден артта калышыбыз керек. Балдарыбыз да дүйнөлүк университеттерде билим алып, атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Алар бир жылды текке кетирбеши абзел. Аларга шарт түзүп беришибиз керек", - дейт ректор.

Пикир

Оставить комментарий