• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Билим берүү министрлиги “Ай Кью” комплексинин айланасында түзүлгөн кырдаалга комментарий берди

Билим 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында бүтүрүүчүлөргө жалпы орто билими жөнүндө аттестаттарды берүү боюнча Токмок шаарындагы “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин (ОТК) ишмердүүлүгүнүн айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, "Ай-Кью" комплекси жеке менчик окуу жай болуп эсептелет. Күндүзгү жана сырттан окуу формасына лицензия алган, бирок экстернат (бир жылда 2 классты бүтүрүү) боюнча лицензия алган эмес. Ага карабастан мектептин жетекчилиги экстернат боюнча кызмат көрсөтүүнү уланткан.

"Мектеп тиешелүү лицензиясы жок 2021-2022, 2022-2023-окуу жылдарында 103 бүтүрүүчүнү окуткан. Бул өз кезегинде КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына каршы келет. Ошондуктан мыйзамга ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги "Ай-Кью" ОТКнын жетекчилиги тарабынан тиешелүү лицензиясы жок окутулган билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрү билими жөнүндө тиешелүү документ бере албайт", - деп түшүндүрдү ал.

Белгилей кетсек, былтыр экстернат формасы боюнча билим алган 19 окуучу аттестат алган.

Билим берүү жана илим министринин орун басары кошумчалагандай, азыркы тапта кызматтык иликтөө жүрүүдө, анын жыйынтыгында тиешелүү адамдар мыйзамга ылайык жоопко тартылат.

Эске сала кетсек, буга чейин ЖМКда "Ай-Кью" ОТКнын директору Мадина Кубаеванын кайрылуусу жарыялаган, анда ал Билим берүү жана илим министрлигинен экстернат формасы боюнча аяктаган окуучуларды жыйынтыктоочу аттестациядан өткөрүп, аларга документтерди берүүнү талап кылган.

Анын айтуусуна таянсак, лицензиялоо процессинде Билим берүү министрлигинин адиси "экстернат" билим берүү формасы лицензияда көрсөтүлбөгөнүн, анткени бул форманы ата-энелер жана окуучулар тарабынан тандоо укугу "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамда бекитилгендигин түшүндүргөн. Адис ошондой эле ОТК окуучуларды ата-энелердин арызынын негизинде экстернатка кабыл ала аларын түшүндүргөн.

Андан соң 2021-2022-окуу жылында 19 бүтүрүүчү аттестат алган. Ошол кезде ведомство тарабынан аталган маселе боюнча эч кандай суроо жаралган эмес.

Жыл ичинде экстернат формасы боюнча билим алган 84 окуучу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунда эки жолу орто аттестациядан ийгиликтүү өтүшкөн. 16-мартта окуу жай министрликке балдарды аталган борбордун жыйынтыктоочу тестине уруксат берүү жөнүндө кат жөнөткөн. Бирок бир айдан соң, тактап айтканда, 28-апрелде министрликтен баш тарткан кат келген. Анда экстернат окуу формасы боюнча лицензиянын жоктугу жүйөө келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий