• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан Балкан математикалык олимпиадасында 13-орунду ээледи

Билим 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар дүйнөдө маанилүүлүгү боюнча экинчи орунда турган Балкан математикалык олимпидасында 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 ардак грамота жеңип алышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында окуучуларды олимпиадага даярдап барган "Газпром Кыргызстан" мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өтө маанилүү болгон бул олимпиадага 2014-жылдан бери катышып келе жатат. Анын жыйынтыгын дүйнөдөгү эң күчтүү университеттер тааныйт.

"2024-жылы 41-жолу өтүп жаткан олимпиадага биздин мамлекет алтынчы жолу катышты. Буга чейин 1 күмүш жана 2 коло медалыбыз бар болчу. Быйыл биз үчүн ийгиликтүү жыл болду десек болот, анткени биздин төрт окуучубуз медаль менен кайтып келишти: 1 күмүш жана 3 коло, дагы эки окуучу ардак грамота алды", - деди ал.

Мугалим кыргызстандык окуучулар мамлекеттик каржылоосу жогору болгон Англия, Азербайжан, Швейцария, Албания, Кипр жана Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн келген окуучулардан жакшы жыйынтык көрсөткөнүн белгиледи.

Мамат Ишматовдун айтымында, аталган олимпиадага жалпы 22 өлкөдөн 23 команда катышып, ошонун ичинен Кыргызстан 13-орунду ээлеген.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын улук адиси Алымкан Мырзалиеванын айтымында, эл аралык олимпиадаларга республикалык жана улуттук олимпиадалардан тандалып алынган окуучулар барат.

Ал эл аралык олимпиадаларга катышкан окуучулардын жана алардын мугалимдеринин чыгымдары Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланарын кошумчалады.

Балкан математикалык олимпиадасынын коло медалынын ээси, “Газпром Кыргызстан” мекатебинин 10-классынын окуучусу Нурсултан Эшперов берилген тапшырмалар татаалдыгы боюнча төрткө бөлүнөрүн айтты: биринчиси жеңил, төртүнчүсү эң татаал.

“Биз убакытты туура бөлүштүрүү менен тапшырмаларды биринчи аткарууга жетиштик”, - деген ал даярданууга бир күндө 7-8 саат бөлөрүн белгиледи.

Балкан математикалык олимпиадасынын дагы коло медалынын ээси жана "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучусу Сейит Рыскулов математика менен 8-класстынан тарта алектенип келерин айтат. "Мен барып эле жеңип алдым деген туура эмес. Буга убакыт, даярдык жана күч керек. Жыйынтык эмгектин арты менен келет", - деди ал.

Ал эми аталган олимпиаданын дагы бир коло медалынын ээси Нурдөөлөт Капаров математика менен 6-классынан бери алектенерин белгиледи. "Мен мектепти аяктагандан кийин Кытай жана Европа өлкөлөрүндөгү университеттерде окуп, математика менен профессионалдык деңгээлде алектенгим келет", - деди окуучу.

Пикир

Оставить комментарий