• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун Мээркан айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №34 мектептин жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Бакытбек Жетигенов курулуштун жүрүшүнөн кабар алган.

Шаар башчысы куруучуларга бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө, сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгилеп, бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди.

Долбоорго ылайык, мектеп 225 орундуу болуп, спорт зал, ашкана, откана жана суу сактоочу кампа каралган.

Пикир

Оставить комментарий