• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Октябрь районунда жыл башынан бери 4 миңден ашык кылмыш жөнүндө арыз катталган

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунун аймагында 2024-жылдын январь-февраль айында 4 миң 97 кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,8% көп (2023-жылы – 3 490). Бул тууралуу прокурордун орун басары Азамат Каратаев район аймагындагы кылмыштуулуктун абалы тууралуу маалымат берип жатып билдирди

Анын маалыматына таянсак, анын ичинен 384 кылмыш иши козголуп (былтыр 757 же – 49,2% аз), 3 415 факты боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган (былтыр 2 480/өсүү +27,4%).

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 152 же 16,85% (73 же 7,73%) иш боюнча тергөө аяктап, анын ичинен 63 (53) же 6.98% (5,6%) кылмыш иши сотко жиберилип, 88 (36) же 9,76% (3,81%) кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган.

Каратаев билдиргендей, Башкы прокуратуранын “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына ылайык, Октябрь районунун аймагында 2023-жылдын өткөн мезгилилинде жалпысынан 23 миң 655 кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү катталган (2022-жылы 21 524/өсүү +9%).

Анын ичинен 3 854 кылмыш иши козголуп (2023-жылы – 3 518/өсүү +9%), 17 миң 116 факты боюнча кылмыш ишин козгоого үчүн негиздер жок болгондуктан, кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган (2023-жылы – 17 42/өсүү +0,5%).

2023-жылдын 12 айында Октябрь району боюнча катталган кылмыштардын жалпы санынын 88% коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштарды түзгөн.

Алардын ичинен эң кеңири тарагандары:

  • мүлктүк мүнөздөгү кылмыштар, тактап айтканда, уурулук жана алдамчылык;
  • бейбаштык;
  • уруп-сабоо, ден соолукка зыян келтирүү.

Октябрь районунда 2023-жылдын көрсөтүлгөн кылмыштардын категориясы боюнча төмөндөгүлөр аныкталган:

  • уурдоо фактысы боюнча өсүү байкалууда — +56 учурга көбөйгөн (1683/1627);
  • алдамчылык фактысы боюнча өсүү байкалууда — +114 учурга көбөйгөн (1208/1094);
  • инсанга каршы кылмыштардын өсүшү байкалууда — +55 учурга көбөйгөн (155/100);
  • бейбаштык фактысы боюнча 2 (9/11) учурга аз.

Жогоруда аталган кылмыштардын көбөйүшү төмөнкү экономикалык факторлор менен шартталган:

  • жумушсуздук;
  • калктын кирешесинин төмөндөшү;
  • жакырчылыктын жогорку деңгээли жана башкалар.

Катталган кылмыштардын бетин ачуу 45,6% түзүп, 466 кылмыш иши райондук прокуратурасы тарабынан окулуп, жыйынтыгында, бекитилген айыптоо актысы менен Бишкек шаарынын Октябрь районунун сотунун кароосуна жиберилген.

Ошону менен бирге, прокурордун орун басары 2024-жылдын январь-февралына токтолуп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпысынан алганда бир катар багыттар боюнча оң динамика орун алгандыгы байкалат деди.

"Мисалы катары, өндүрүштөн бүткөрүлгөн кылмыш иштердин, анын ичинен сотко жиберилген кылмыш иштердин саны көбөйүп, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын динамикасына көз жүгүртсөк, Октябрь районунда -29 факт (53/82), -54,7% төмөндөө катталган. 2024-жылдын 2 айында өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес, салыштырмалуу былтыркы жылдын ушул мезгилинде -14 өзгөчө оор кылмыштар катталган", - деп, бүгүнкү күндө прокуратура органдары ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте кылмыштуулуктун өсүшүнүн себептерине таасир көрсөтүү, кылмыш жасоого жакын адамдарды өз убагында аныктоо жана аларга карата алдын алуу жана түзөтүү боюнча иш-чаралары уланып жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий