• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган айыл аймак башчысы кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Нарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүүгө аракет кылган айыл аймак башчысы кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы "Жашыл Учкун" муниципалдык ишканасында финансылык мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, "Жашыл Учкун" ишканасынын эки банктык эсеби бар ("Доскредобанк" ААКта - негизги эсеп жана "РСК банк" ААКта - атайын эсеп), мында жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар атайын эсепке чегерилет. 2023-жылдын август айында Учкун айыл аймагынын жооптуу адамдары жайыт төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу максатында негизги эсептен 260 миң сом алып, элден чогулган каражат катары атайын эсепке киргизишкен. Аталган адамдар иш жүзүндө бүтпөй калган жайыт жерлеринде ар кандай оңдоо иштерин жүргүзөбүз деген шылтоо менен 260 миң сомду негизги эсептен чыгарып салууга аракет кылышкан.

Бул маалыматты текшерүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө 2024-жылдын 18-мартында Нарын районунун Учкун айыл аймагынын башчысы, 1975-жылы туулган Ө.Э.М УКМК кызматкерине текшерүү иш-чараларын токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (пара берүү) негизинде кармалды.

Ө.Э.М. Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Нарын шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий