• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон, ошондой эле Конья соода палатасына мүчө түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Казакбаевдин Конья шаарына болгон иш сапарынын алкагында Конья соода палатасында өттү.

Жолугушууда элчи Руслан Казакбаев Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан инвестицияларды коргоо жана бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан негизги чараларга токтолду. Ал акыркы үч жылда Кыргызстандын улуттук экономикасынын стабилдүү өсүшүн жана жагымдуу салык саясатын баса белгиледи.

Элчи ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода көлөмүнүн көбөйгөнүн жана Кыргызстандын Конья провинциясы менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ушундан улам кызматташууну чыңдоо боюнча пландарды талкуулоодон иш жүзүндө ишке ашырууга өтүү зарылдыгы айтылды.

Руслан Казакбаев айыл чарба, мал чарбачылыгы, гидроэнергетика, туризм жана тоо-кен өндүрүшү сыяктуу инвестиция тартуу үчүн артыкчылыктуу тармактарга өзгөчө көңүл бурду. Жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди мындан ары талкуулоо жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү үчүн элчи Конья провинциясынын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Жолугушууда түрк компанияларынын өкүлдөрү тери импорттоого, Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө жана тоо-кен тармагына кызыгуу көрсөтүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанга сапар уюштурууну, ошондой эле «Кыргызстан-Коня» бизнес-форумун уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий