• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Бостери айылынан "Макинтош" каймана аттуу УКТ мүчөсүн кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Алдамчылык фактысы боюнча К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында алдамчылык фактысы боюнча кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 22-августта Бостери айылынын аймагынан криминалдык чөйрөлөрдө "Мокинтош" каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Бостери айылынын "смотрящийи" аталган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Мусадаров Майрамбек Мусадарович кармалды.

2020-жылы М.Мусадаров Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, КР жаранынан 5 миң доллар жана "Ауди С4" үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин К.Асанбекке өткөрүп берген.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий