• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Папан суу сактагычына таандык үч бөлмөлүү батир мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Папан суу сактагычына таандык үч бөлмөлүү батир мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүдө аныкталгандай, 2017-жылы «С.Ибраимов атындагы Папан суу сактагыч башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын балансындагы Ош шаарында жайгашкан үч бөлмөлүү батир ошол учурдагы мекеменин жетекчиси тарабынан 184 миң 500 сомго мыйзамсыз менчиктештирилген.

Белгиленгендей, аталган мүлктүн учурдагы базар баасы 3 млн 550 миң сомду түзөт.

Мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында Ош облустук прокуратурасы сотко доо арыз менен кайрылган.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында доо арыз толук көлөмдө канааттандырылып, батирди менчиктештирүүгө негиз болгон чечим жана андан аркы соода-сатык келишимдер жокко чыгарылган.

2021-жылдын 11-мартындагы облустук прокуратуранын талабынын негизинде кыймылсыз мүлк жогоруда белгиленген ишкананын менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий