• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте баңгизатын сатууга аракет кылган 42 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек,12.10.17./Кабар/. Бишкектеги “Мадина” базарынын жанынан баңгизатын мыйзамсыз сатууга аракет кылган 42 жаштагы жаран кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов районунан милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде баңгизатын сатууга аракет кылган Бишкек шаарынын 42 жаштагы жашоочусу 1 тонна 200 килограмм салмактагы прекурсорлору менен кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесине ылайык (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) кылмыш изи козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий