• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча иш: Соттук отурум жактоочунун жоктугунан улам жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) болгон авария боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Отурум кайрадан эле айыпталуучу Кадырбаевдин жактоочусу келбегендиктен жылдырылды. Сот отурумду жактоочулардын эмне себептен келбей калгандыгын аныктоого чейин жылдырды. Бул Кадырбаевдин жактоочулары келбей калып, отурум жылдырылган үчүнчү учур.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо документтерди даярдоо, кол коюу жана ишке киргизүүдө коррупция фактылары табылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Эксперттердин тыянагы боюнча мамлекетке жалпысынан 5 млрд.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий