• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Коопсуз шаар»: Айып пулдун бир бөлүгү эмнеге сарпталаары белгилүү болду

Өкмөт 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоордун алкагында жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузган үчүн өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгү Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам машинелерин алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, шашылыш жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу шашылыш медициналык жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий