• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жээнбековду Швейцарияга коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти.

Расмий делегация курамы:

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Мукашев;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирлан Бакиров;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исмаилова;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абтандил Кулбараков;

Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Муканбетов;

Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий