• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ажылык - 2019: Эмдөө иштери 10-20-июнь күндөрү жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. 2019-жылы ажылык сапарга бара турган талапкерлерди эмдөө иштери 10-июндан 20-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

"Жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга баруучу талапкерлерге виза ачылбай тургандыгын кабарлап, милдеттүү түрдө белгиленген мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эмдөө боюнча жооптуу адистер:

- Баткен облусу – Жакыпов Абдисаттар (0771401923);

- Ош облусу – Бакиров Акжол (0779808989);

- Ош шаары – Матиев Жанарбек (0778779633);

- Жалал-Абад облусу – Жунусалиев Давран (0772207319);

- Чүй облусу – Курманов Ташболот (0557370454);

- Бишкек шаары – Жуманов Толкунбек (0776337745);

- Талас облусу – Мамазалиев Нуржан (0773644487);

- Нарын облусу – Жунушев Орозобек (0700484754);

- Ысык-көл облусу – Дюшеков Жунусбек (0777194784).

Пикир

Оставить комментарий