• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто көк бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жарандарга кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.23. /Кабар/. Ошто көк бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-августта Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында көк-бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайлап бузуп, бейбаштык жасаган 39 жаран кармалып келген, анын ичинен 27 жаранга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлдү.

Ал эми 5 жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну М. уулу А., Араван районунун 29 жаштагы И.А., 34 жаштагы А.Б. аттуу тургундары, Өзгөн районунун 51 жаштагы тургуну Ж.Ж. жана Алай районунун 24 жаштагы К.уулу Б. аттуу тургуну Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери улантылууда. Аталган окуя боюнча башталган тергөө иштери ар тараптуу жана кылдат текшерип юридикалык баа берип, чекит коюу үчүн толук кандуу маалыматтар талап кылынат.

"Ошондуктан окуяга күбө болгон жарандардан бейбаштык жасаган жарандар боюнча так маалыматтар жана видеотасма же сүрөттөр болсо Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы менен бөлүшүүнү суранабыз. Төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылууга болот: 03222 6-65-22, 0701 106 060", - деп белгилешти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий