• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте №59 орто мектептин жаңы кошумча имараты пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 02.09.23. /Кабар/. Бишкекте №59 орто мектептин жаңы кошумча имараты пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имаратта 11 предметтик кабинет бар жана ал орто жана жогорку класстын 150 окуучусуна ылайыкталган.

Кошумча имараттын ачылыш аземине Ленин районунун акиминин орун басарлары Бакыт Караев менен Айзада Жунусова, Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинин жана "Төөлөс Строй" подряддык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Чакырылган коноктор мугалимдерди, ата-энелерди жана мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы жана жаңы имараттын ачылышы менен куттукташты.

Ошондой эле Ленин районунун акиминин орун басары Бакыт Караев жаңы имараттын курулушунун алкагында аткарылган иштер үчүн «Төөлөс Строй» ЖЧКсына жана Мамкурулушка ыраазычылык билдирди.

Чогулгандарга чакан концерттик программа уюштурулуп, салтка айланган биринчи коңгуроо кагылды. Андан соң коноктор жаңы имаратты, анын ичинде окуу бөлмөлөрүн кыдырып чыгышып, билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилешти.

Белгилей кетсек, имараттын курулушу 2019-жылы башталган.

Пикир

Оставить комментарий