• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарынын аймагында бир жумада 93 мас айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 24үнөн 30-декабрга чейинки аралыкта 4 миң 224 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 93;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 38;

- жасалма номер менен автоунаа айдоо - 1;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 108;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 3 973. Ал эми ар кандай эреже бузган 269 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий