• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматынын өзгөчө аракеттери киреше жыйымын олуттуу жакшыртты

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын өзгөчө аракеттери 2022-жылдагы киреше жыйымынын олуттуу жакшырышына алып келди. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун кызматкерлеринин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча корутунду билдирүүсүндө айтылат.

Эске салсак, 2022-жылдын 11 айында Мамлекеттик салык кызматы 185 млрд 848,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 55,8 млрд сомго көп.

Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча иштердин аркасында мүмкүн болду.

Ошондой эле "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машина, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча "Жыйынды пост" системасы жана башка ишке киргизилиши да оң таасирин тийгизүүдө.

Пикир

Оставить комментарий