• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда полиграфта тестирлөөдөн милдетүү өтүү менен кызмат орундарынын тизмеси кеңейтилет

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда полиграфта тестирлөөдөн милдетүү өтүү менен кызмат орундарынын тизмеси кеңейтилет. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын ачып Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

"Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан кызматкерлердин потенциалын күчөтүү боюнча бир катар иш-чаралардын өткөрүлүшү пландаштырууда. Полиграфта тестирлөөдөн милдетүү өтүү менен кызмат орундарынын тизмесин кеңейткен ченемдик укуктук актынын долбоору даярдалды", - деди Базарбаев.

Анын айтымына караганда, талапкердин кесиптик жактан маанилүү жана инсандык сапаттарын аныктоого тестирлөөнүн жыйынтыктары кызматкерлерди психологиялык баалоого мүмкүндүк берет.

"Кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча жаңы иш-аракеттер президент Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча өткөрүлүп жаткан маанилүү тарыхый окуяга администрациялык-аймактык реформага көмөктөшүүгө багытталган. Бүгүңкү күнгө карата 452 айыл өкмөтүнүн санынын ичинен 235 айыл аймак калып, 14 шаарга 19 айыл аймак кошулууда. Ошентип, туруктуулук максатында экономикалык күчтүү айыл өкмөттөрү экономикалык алсыз айыл өкмөттөрү менен бириктирилип жатат", - деди ал.

Жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу 2015-жылдан тартып квартал сайын өткөрүлүүдө. 72 сааттык курстары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий