• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты реконструкцияга берилет — Энергетика министрлиги

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. “Электр станциялары” ААКтын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 2024-жылдын 5-мартынан тарта реконструкцияга берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

маалыматка ылайык, 2024-жылга коюлган иш пландын негизинде Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты быйыл реконструкцияланышы керек.

"№1 гидроагрегат план боюнча 15-февралда реконструкциага берилиши керек эле, бирок аба ырайынын төмөндөгөнүнө жана электр энергиянын тартыштыгына байланыштуу март айына жылдырылган. Быйыл эртээрек реконструкциага берүү зарыл, себеби кайрадан ишке киргизүү көп убакытты талап кылгандыктан кийинки 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезигилине кирүүгө үлгүрүү керек", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Токтогул ГЭСте 1320 МВт кубаттуулуктагы 4 ГА иштейт. Анын ичинен: 2021-жылдын март айында 300 МВт кубаттуулуктагы № 4 ГА реконструкцияга берилип, 2022-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. Жыйынтыгында 60 МВт кубаттуулук кошулуп № 4 ГА 360 МВт түзгөн.

Ал эми 2023-жылы №2 ГАнын реконструкция иштери аткарылып, кубаттуулугу 360 МВТ түзгөн.

2024-жылы пландалган №1 ГАнын реконструкциясы бүтүп ишке берилсе, кубаттуулук 60 МВт кошулуп, жалпы ТГЭСте 1380 кубаттуулук болот.

Пикир

Оставить комментарий