• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдоочулардын эсине! Эртең Шабдан Баатыр көчөсү убактылуу жабылат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, эртең, 30-сентябрда саат 16:00дөн 24:00 чейин Шабдан-Баатыр көчөсү аркылуу Чүй проспектисинен көпүрөгө чейин убактылуу жабык болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашы.

Маалыматка ылайык, жол “Мадина” соода-борборунун маңдайында жайгашкан жөө көпүрөнүн ремонт иштерине байланыштуу жабылат.

Мэрия ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларга ары-бери каттоо үчүн башка жолдорду тандоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий