• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген спорттук объектилер курулат

Коом 0

Бишкек, 29.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген спорттук объектилер курулмакчы. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ Мамагенттиктин директору Канат Аманкулов Словениянын Россиядагы жана Кыргызстандагы элчиси Примож Шелиго жана Duol компаниясынын башкы директору Душан Олай менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Duol компаниясынын Кыргызстандын аймагында спорттук объектилердин курулушу багытында кызматташууну талкуулашты.

Аманкулов Кыргызстанда эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген спорттук объектилердин жетишсиздигин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар жемиштүү кызматташуу ниеттерин билдиришти.

Маалымдама: Duol словениялык компаниясы тирөөч курулуштарды долбоорлоо, өндүрүү жана орнотуу менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий