• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мектеп фонддорунун ишин көзөмөлдөө үчүн инструмент иштелип чыкты. Тесттик режимде иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 26.02.20./Кабар/. Кечээ Бишкекте мектеп фонддорунун ишин көзөмөлдөөгө багытталган аянтчанын бет ачары өттү. Ал азырынча тесттик режимде иштөөдө.

Жолугушууга мугалимдер, окуу жайлардын директорлору, коомдук фонддордун жетекчилери чакырылган.

Жыйындын жүрүшүндө ата-энелер көпчүлүк мектеп фонддоруна каршы эместигин билдиришти. Алардын айтымында, чогултулган каражат окуучулар жана мугалимдер үчүн шарттарды жакшыртат. Алар - мектепти оңдоо иштери, техникалык жабдууларды сатып алуу. Болгону аларга фонддун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгы, тазалыгы керек.

Массалык маалымат каражаттарында фонддор жоюлат деген маалымат тараган.

Өз кезегинде, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абасбек уулу ведомство башчысынын позициясын билдирди. Анда ал мектеп фонддорун жоюуга тыюу салынбаганын, анткени бул коммерциялык ишмердүүлүк боюнча мыйзамга каршы келерин айтты. Спикер министрлик тарабынан түзүлгөн аянтча тууралуу маалымат берип кетти.

“Биз мектептерге түшүп жаткан каражаттарды колдонуу ачык-айкындуу болушуна шарт түзүп беришибиз керек. Ата-энелер өзүлөрүнүн каражаты кайда кетип жаткандыгын билиши зарыл. Үлгүлүү мисалдар бар, анда фонддор ачык иштеп, жыл жайын отчет берип турушат”,- деди ал.

Модулду иштеп чыккан Азамат Абдыраев аны “Мектептерди каржылоо” аталышында mektep.edu.gov.kg сайтынан табууга болоорун билдирди.

“Баракчадан кайсыл убакка чейин отчет көрүүнү кааласа, ошол мезгилди тандоо керек. Конкреттүү мектеп, район боюнча маалыматты көрүүгө болот. Ошондой эле ал жакта жалпы кирешелердин жана чыгашалардын таблицасы бар. Мектеп, класс, акчанын суммасы, качан төлөнгөндүгү көрүнүп турат. Чыгаша тууралуу дагы ушундай эле маалыматтарды алса болот”, - деп айтып берди ал.

Долбоорду ишке ашырууда өздүк кабинет аркылуу отчетторду киргизүүгө бухгалтерлерге атайын логин жана пораль берилет.

Пикир

Оставить комментарий