• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРда даректүү журналистиканын жаралышы: Белгилүү журналисттин Атамбаевдин журналисттик тобунда иштөө тууралуу китеби чыкты

Коом 0

Бишкек, 14.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Интерфакс” россиялык маалымат агенттигинин өз кабарчысы Наталья Любезнованын “Вместе с президентом. Движение по большому пути” аттуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин журналисттик тобунда иштөө тууралуу китебинин бет ачары болду.

Автордун айтымында, китепте Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдан 2017-жылга чейинки чет элдик сапарлары тууралуу айтылат.

Кыскача зарисовкалар түрүндө автор Кыргызстандын башка мамлекеттер менен мамилелери кандай түзүлгөнү, айрым учурларда чечимдерди кабыл алуу канчалык оңой болбогону жана президенттин журналисттик жамаатында иштөө оңой эместиги тууралуу айтып берген.

Любезнова бет ачарга келгендерге ыраазычылык билдирип, китептеги ар бир окуянын мында катышып отурган адамдарга байланышы бар экенин белгиледи.

“Чындыгында биз чоң тарыхты басып өтөбүз. Менин жазгандарым кечээки күн, тарых. Ошондуктан мен сиздер 6 жыл ичинде расмий билдирүүлөрдүн, макала жана сюжеттердин артында болгон нерселер менен таанышканыңыздарды абдан кааладым. Мамлекет башчынын башка өлкөлөргө чыккан ар бир сапарынын ичинде болуп өткөн нерселер менен. Мен алты жылда президенттин бардык сапарларын чагылдырдым. 2011-жылы ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен Далянга барганыбыз эсимде. Мында президенттин мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапарларын биз бирге чагылдырган кесиптештерим отурушат. Бул мен башкача көз караш менен караган - зор тарых, бул менин өмүрүм, өлкөнүн жашоосу”, - дейт Любезнова.

Автор чет өлкөлөргө болгон сапарлар адамдын дүйнөгө көз карашын өзгөртө турганын мойнуна алат. “Чет жакка сапарга чыкканда, айрыкча расмий делегациянын курамында, сен расмий адамдар менен бир бүтүндүккө айланасың. Анткени биздин максатыбыз бир. Китепте мен өзүмдүн ой-пикирлерим менен бөлүшүп, биздин журналисттик ишибиздин эч жерде айтылбаган айрым деталдарын ачам. Мындай сапарларга чыккандар, кээде күтүүлөр канчалык зарыктырарын билишет, бирде алар максатына жетишсе, айрым учурда андай болбойт. Ушунун баарын мен китебимде чагылдырууга аракет кылдым”, - деди ал.

Наталья Любезнованы куттуктоо үчүн көптөгөн коноктор келишкен. Анын ичинде КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева, “Кабар” КУМАнын директору Кубан Таабалдиев, КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков, Кыргызстандын алдыңкы журналисттери жана басма сөз кызматтарынын кызматкерлери.

Ар бири китеп жана автор тууралуу пикирлерин айтышты.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева бул китеп болочок журналисттер үчүн жакшы колдонмо болорун айтты. “Бул эскерүүлөр китеп жазуунун мыкты идеясы. Менимче, Наталья Любезнова кыргыз журналистикасында өзгөчө жанрды түздү. Ал өзүнүн чыгармачылыгы менен атамекендик журналистиканын жогорку планкасын койду”, - деп белгиледи ал.

“Кабар” КУМАнын директору Кубан Таабалдиев анын эсеби боюнча президенттиги учурунда Атамбаев болжол менен 90 чет элдик сапарга чыкканын айтты. Дүйнөнүн 30-40 өлкөсүнө барган. “Ушул сапарлардын бардыгында Наталья аны менен бирге болду. Анын сапарларын чагылдырды. Мен өзүм бул жолду басып өткөм. Сапарларда ар кандай учурлар болот: уйкусуз түндөр, учуулар, мунун баарынан өттүң. Сен азаматсың. Бул китеп алгачкы бөлүгү, уландысы болот деп ишенем”, - деди Таабалдиев.

Ошондой эле Любезнованын кесиптештери бул кандайдыр бир деңгээлде тарыхый окуя экенин, себеби ал өзүнүн китеби менен атамекендик журналистиканын жаңы жанрын – даректүү журналистиканы киргизгенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий