• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Өмүрбек Текебаев Берлиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев элчи катары миссиясын Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле «Кыргыз-Герман маданий коомунун» өкүлдөрү менен жолугушуусунан баштады.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 11-мартында өткөрүлдү.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүштү.

Текебаев элчилик менен Германиядагы кыргыз диаспоранын ортосунда тыгыз кызматташтыкты улантуунун зарылдыгын белгилеп, мекендештерди өлкөгө инвестицияларды, жаңы технологияларды тартууга жана туристтик потенциалды жайылтууга активдүү көмөк көрсөтүүнү улантууга чакырды.

Достук маанайда жолугушуунун учурунда мекендештер талкууга активдүү катышып, ар кандай маселелер, анын ичинде консулдук мүнөздөгү маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий