• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо. Иштер кандай жүрүп жатат?

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Энергетика министрлиги Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, "Электр станциялар" ААКтын эң биринчи салынган жана эскилиги жеткен Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо ишинин башталганына 14 күн болду.

Энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү жана ага чейин Үч-Коргон ГЭСинин реконструкцияга берилген гидроагрегатын толук бүткөрүү болуп саналат.

Учурда "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун алкагында гидроагрегатын демантаждоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнгө аткарылган иштер боюнча ыкчам отчет:

  • документтер менен иштөө: долбоорлорду, иш өндүрүш долбоорлорун жана графиктерди даярдоо;
  • монтаж аянтчасында жаңы статорду чогултуу:

- статорду монтаждоо аймагында орнотуу, чогултуу, ширетүү жана текшерүү иштери;
- позициялоочу таякчаларды орнотуу боюнча иштер улантылууда;

  • №4 гидроагрегатынын демонтаждоо иштери:

- полюстарды демонтаждоо, мунай линиясын, суу түтүктөрүн, жогорку багыттоочу подшипникти, статордун таякчаларын (стержень) жана бирикмелерин (шины) демонтаждоо;
- үстүнкү кайчылаштарын демонтаждоо иштери, статор сегментерин демонтаждоо иштери улантуулуда;

  • кургатуу системаны №2 насосунун реабилитациялоо иштери:

- жабуучу плитасын бузуу иштери, метал каркасын бетон үчүн орнотуу, түтүктөрдү жана кронштейндери орнотуу, жабуу клапанын жана текшерүү клапанын монтаждоо, насосунун фильтр торун жасоо;
- сорулуучу түтүктү жайгаштыруу жана насосту текшерүү иштер бүттү

  • дренаждык системаны реабилитациялоо жумуштары:

- эски №3 жана №2 авариялык суу астындагы насосторду жана суу түтүктөрун демонтаждоо иштери;
- жаңы №2 авариялык суу астындагы насосту орнотуу жана сыноо иштери аткарылды (убактылуу схема боюнча);
- дренаж тутумун жана монорельс орнотуу боюнча даярдык иштери, эски монорельсти демантаждоо жана монорельс орнотулучу шыпка тешиктерди бургулоо иштери;

  • машина бөлмөсүнүн полу: №4 гидроагрегатка башкаруу шкафтары үчүн тешиктерди бургулоо иштери бүттү;
  • демонтаждалган жабдууларды ТК ГЭСКнын кампасына ташуу жана жеткирүү иштери аткарылууда;
  • спиралдык камеранын капкагын ачуу, соргуч түтүк конусунун капкагын ачуу, шахта турбинасына оңдоо аянтчасын орнотуу, турбинанын валын жана генератордун валын бекитүүчү болтторду демонтаждоо (0,5те аткарылат), жумушчу дөңгөлөктүн камерасынын оңдоо платформасын монтаждоо,ГА статорунун болтторун демонтаждоо, статордун бириктирүүчү тигиштерин кесүү, статордун алдын ала түтүктөрү жасалган.

Долбоордун максаттары:

  • физикалык жана моралдык жактан эскирген жабдууларды алмаштыруу жолу менен ГЭСти калыбына келтирүү
  • тереңдөө иштерин жүргүзүү үчүн жабдуулар жана ага байланыштуу кызматтар;
  • электр механикалык генерациялоочу жабдууларды(кубатын 20%ке чейин жогорулатуу менен) жана ГЭСтин болот гидротехникалык конструкцияларын алмаштыруу.

Пикир

Оставить комментарий