• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Анарбаев Малайзиянын падышасы Султан Ибрагимге ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев аталган өлкөнүн падышасы Султан Ибрагимге ишеним грамоталарын тапшырды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарашкандай, иш-чара бүгүн Куала-Лумпур шаарындагы Улуттук сарайда өттү.

Элчи Анвар Анарбаев Малайзиянын падышасына жана элине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу салам жана жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Ошондой эле элчи дипломатиялык миссиясы учурунда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын ишендирди.

Өз кезегинде Малайзиянын падышасы президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстандын элине ѳз саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Пикир

Оставить комментарий