• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Айдарбеков «Борбордук Азия + АКШ» кызматташтык форматында онлайн жолугушууга катышты

Саясат 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташтык форматындагы жогорку деңгээлдеги онлайн жолугушууга катышты.

КРнын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга ошондой эле Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы катышты.

Жолугушуунун катышуучулары Афганистандагы экономикалык туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.

КРнын тышкы иштер министри Ч. Айдарбеков күн тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын улуттук приоритеттери тууралуу айтып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бири-бири менен, ошондой эле АКШ менен мамилелерде соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташуусун күчөтүүнү сунуштаган.

Региондун экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн өзгөчө ролу белгиленди, буга байланыштуу Кыргызстандын салмактуу гидроэнергетикалык дарамети бар экендиги айтылды.

«Ч. Айдарбеков региондун транзиттик дараметин өнүктүрүүгө көңүл бурду. Эл аралык автомобиль жана темир жолдорун кеңейтүүнүн, логистикалык борборлордун жана транспорттук терминалдардын, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзитти камсыздоо үчүн инфратүзүмдү модернизациялоонун приоритеттүүлүгүн баса белгиледи. Борбордук Азия регионун дүйнөлүк базарлар менен байланыштыра турган транспорттук-коммуникациялык сектордогу ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

«С5+1» форматындагы өлкөлөрдүн делегациялары Кыргызстанда өтүүсү пландалган экономикалык багыттагы бир катар эл аралык иш-чараларга катышууга чакырылды.

Пикир

Оставить комментарий