• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Ак-Босого конушунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Эртең, 1-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Ак-Босого жаңы конушунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Суу “Ак-Босого-1” жана “Ак-Босого-2” суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий