• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда

Коом 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымдагандай, учурда ведомство тарабынан жол куруу тармагында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жалпы долбоордук наркы 10 141,3 млн сомду түзгөн 11 долбоор ишке ашырылууда.

Анын айтымында, курулуш иштери Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 5 долбоордук тилкесинде, Бишкек-Ош жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Ош-Баткен-Исфана жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Түп-Кеген жана Талас-Тараз жолунда жүрүп жатат.

Реабилитацияланып жаткан участоктордун жалпы узундугу 143,9 км түзөт. Бүгүнкү күндө даярдалып жаткан 3 жаңы долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Кеп Ысык-Көл айланма жолунун жана Арал-Суусамыр автожолунун 2 долбоордук участогу жөнүндө болууда.

Пикир

Оставить комментарий