• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада кыргызстандыкты миграцияга каттоодон баш тартылышы. Элчилик түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кыргызстандык жарандан Москва облусунун миграция маселелери боюнча бөлүмү жаңы паспорт алган жарандарды каттоону узартуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

Элчиликтен билдиришкендей, маалыматты текшерүү үчүн консулдук бөлүмдүн кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке барып, Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда миграцияга каттоодон баш тартуунун себеби эмгек келишимдери туура эмес түзүлгөнү экендиги аныкталган.

Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн юристтери миграция маселелери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандын жарандарына документтерди белгиленген тартипте даярдоо зарылдыгы боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.

Пикир

Оставить комментарий