• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мектептердин имараттарын кеңейтүү иштери жигердүү жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарында мектептердин имараттарын кеңейтүү иштери жигердүү жүргүзүлүп жатат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, №20 орто мектепте капсула салынган күндөн тарта бир жумадан кийин фундаменталдык чуңкурду казуу, бетонду түптөө, пайдубалын куруу иштери аяктады. Имараттын кубаттуулугу 500 орунга ылайыкталган.

Ал эми №73 мектептин аймагына 525 орундуу окуу корпусу курулат. Учурда подрядчы тарабынан жер казуу, бетондук таман жана темир-бетон фундаменти бүткөрүлдү. Учурда тилкелүү фундаментти орнотуу жана тышкы электр менен камсыздоо тармактарын салуу жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле №40 орто мектепте да иш кызуу жүрүп, ал жерде дагы 500 орундуу корпус салынууда. Учурда 4 блоктун котлованын казуу, фундамент үчүн темир бетон тумбасын жана тышкы суу канализация тармактарын орнотуу бүткөрүлдү. Казылган жерди кайра толтуруу, газ отканасын казуу жана тышкы электр тармактарын тартуу үчүн траншеяны өздөштүрүү иштери улантылууда.

Мындан сырткары, №35 мектепке спорт зал салынып жатат. Учурда жер казуу, бетондоо иштери бүткөрүлүп, пайдубалын түптөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, бул чыгымга имараттарды бүтүрүү, тышкы инженердик тармактарды куруу жана жашылдандыруу да кирет.

Эскерте кетсек, 7-майда Бишкек мэри имараттардын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, жаңы окуу жылынын башталышына өз убагында жетишүү үчүн куруучуларга имараттардын курулушун тездетүү өтүнүчү менен кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий