• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тилек Текебаев Зардалынын жолу тууралуу: Биз эң алыскы аймактардын жолдорун дагы өнүктүрөбүз

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. "Биз өлкөнүн эң алыскы аймактарын дагы активдүү өнүктүрөбүз", - деп билдирди транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев "Кабар" агенттигине алыскы Зардалы айылына жол куруу боюнча жаңы долбоор жөнүндө маек берип жатып.

Белгилүү болгондой, бийик тоолуу Зардалы айылы Баткен облусунун эң алыскы аймагы болуп саналат. Айылга жөө барууга гана мүмкүн.

Министр президент Садыр Жапаровдун мамлекет Транспорт министрлигин күчтөнтүп, ар бир айылга чейин асфальт төшөйт деген сөзүн эске салды.

Буга байланыштуу президент транспорт министрине Зардалыдагы абал менен таанышып чыгууну тапшырган. Тилек Текебаев Зардалы айылына барып, жолду анын ичинде, ат өтө албай турган татаал тилкелерин дагы жеке өзү көрүп келген. Ал эми жолдун 17-чакырымы тар жана таштактуу келип, бир учурда эки адам араң өтөт.

Министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, алар айылга чейин унаа жолун куруп берүүнү суранышкан. Өз кезегинде министр алардын өтүнүчүн президентке жеткирип, андан кийин мамлекет башчысы Зардалы айылына чейин жол куруу боюнча долбоорлоо жана куруу иштерин баштоону тапшырган.

Азыркы учурда жолдун сметалык баасын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ар жерине каршы келе жаткан унаа үчүн "чөнтөкчө" куруу менен бир тараптуу жол куруу пландалууда.

Министр кошумчалагандай, Зардалыга чейин альтернативдүү жол бар, бирок ал май айында гана ачылат. "Буга чейин Алайкуунун жана Чаткалдын алыскы райондорунун жашоочулары да кышында 4-5 айга чейин каттам жабылып калгандыктан, тамак-ашын алдын ала узак мөөнөткө камдап алышчу, азыр болсо бул жолдорду кар көчкүдөн тазалоо үчүн эң көп дегенде 1-2 күн керектелет", - деп белгиледи Т.Текебаев.

Жакын арада адистер жолдун көлөмүн тактоо үчүн Зардалыга чейинки жолду дагы бир жолу карап чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий