• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сиань портунун жетекчилиги Кыргызстандын аймагында чоң порт курууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Сиань портунун жетекчилиги Кыргызстандын аймагында чоң порт курууга кызыкдар, деп билдирет КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы.

Мындай мүмкүнчүлүк тууралуу Сиань кургактык темир жол портунун жетекчилиги кыргыз делегациясы менен болгон жолугушууда билдирген.

"Бул жерден жүк негизинен ар кайсы өлкөлөргө кетет. Былтыр Казакстанга порт куруп беришкен. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жакынкы аралыкта башталарын эске алып, Сиань портунун жетекчилиги Кыргызстандын аймагында да ошондой чоң порт курууга кызыкдар. Бул маселе Кыргызстан менен Кытайдын эки президентинин сүйлөшүүлөрүндө да көтөрүлдү. Бул объектини өнүктүрүүнүн перспективалары бардык өлкөлөр үчүн абдан маанилүү. Анткени ири товарлар Кыргызстан аркылуу жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий