• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын сүт тармагына 120,4 млн сом өлчөмүндө кредиттер берилди

Экономика 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын сүт тармагына 120,4 млн сом өлчөмүндө кредиттер берилди.

Финансы министрлиги билдиргендей, 2023-жылдын 1-апрелине карата 311 субьектке насыя берилген.

Эске сала кетсек, КРда сүт тармагын өнүктүрүү максатында Финансы министрлигинин Финансы-кредиттик фонду КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 222 тескемесине ылайык, сүт тармагына төмөнкү шарттарда кредит берет:

– максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;
– кредиттин суммасы - жеке ишкерлерге 500 миң сомдон ашык эмес;
– фермердик чарбаларга – 1 млн сомдон ашык эмес;
– кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;
– кредиттин мөөнөтү - 3 жыл анын ичинде 9 ай жеңилдетилген мезгил каралган;
– кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;
– финансылык санкциялар - жылдык 12 пайыз;
– күрөөлүк камсыздоо;
– кепилдик берүү менен 150 миң сомго чейин кредит берүү каралат;
Облустар боюнча:

Пикир

Оставить комментарий