• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин спортчулары ROAD RACE 2023 веложарышында байгелүү орундарга илинди

Спорт 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бишкектин спортчулары Казакстанда өткөн ROAD RACE 2023 веложарышында байгелүү орундарга илинди. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинен билдиришти.

Жалпысынан 217 адам катышып, кыргызстандык беш спортчу байгеге татыды. 15 чакырымга жеке жарыштын жыйынтыгы боюнча спортчулар төмөнкү орундарды ээледи:

1-орун – Мухамед-Али Маткаримов - 16-17 жаш өспүрүмдөр категориясында;

1-орун – Евгения Березовская - 18-34 жаштагы аялдар категориясында;

1-орун – Алимина Чалова - 16-17 жаш өспүрүмдөр категориясында;

2-орун – Эрлан Оролов - 16-17 жаштагы өспүрүмдөр категориясында;

2-орун – Евгения Березовская - 18-34 жаштагы аялдар арасындагы абсолюттук категориясында ;

3-орун – Дядичкин Александр - 18-34 жаштагы эркектер категориясында;

3-орун – Алимина Чалова - 16-17 жаш өспүрүмдөр арасындагы абсолюттук категориясында.

Велосипед жарышы спорттун массалык түрлөрүн өнүктүрүү, сергек жашоо образын пропагандалоо, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий