• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун башчысы Жети-Өгүз элинин көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов Жети-Өгүз районунун эли менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга облустук мамлекеттик мекеме жетекчилери, райондун акими, райондук мекеме жетекчилери катышты.

Облус жетекчиси менен жолуккан район тургундары негизинен орчундуу делген ирригация, жайыт, айыл арасы ички автожолдордун абалын, социалдык объектилердин абалы, жаңы социалдык объектилерди куруп берүү боюнча жана башка ушул сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Иманбетов айтылган маселелерди облустук мекеме жетекчилерге, район акимине жана райондук жетекчилерге тиешелүүлүгүнө жараша карап, болушунча тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий